ИИМдин уюшкан кылмышка каршы күрөш башкы башкармалыгынын кызматкери Маликеев Арстанбектин арызынын негизинде Биринчи май райондук соту бүгүн көз карандысыз "Трибуна" гезитине каршы соттук териштирүүнү баштады. Ал гезитти жалаа жаап, беделиме шек келтирди деп сотко кайрылган. Гезит редактору Рысбек Өмүрзаковдун билдиргенине караганда, "Будет ли поставлен крест на оборотни в погонах" аттуу макаласында милиция кызматкеринин коммерциялык структуралардын ишине киришип, өкүмзордук иштерге аралашкандыгы тууралуу жазылган.Доогер тарап сот башталаары менен арызды гезит юридикалык каттоодо турган Ленин районунун сотуна которуу сунушун берди.Муну жоопкер тарап гезитти каралоого жол издөө катары баалады. Гезиттин редакциясы Биринчи май районунун аймагында жайгашып турат. (BuS)