Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:52

ОРУСИЯНЫН ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ ПУТИН ФРАНЦИЯДА


Муса Мураталиев, Москва Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/63DF779C-45C2-43F4-9DAC-E39C64BC6171.asp 29-майда эки күндүк ырасмий иш сапары менен Францияга келди. Бул анын өлкөнүн премьер-министри болгондон кийинки, Беларусту эсепке албаганда, биринчи жолку чет мамлекетке чыгышы. Путин алдыңкы күнү Франциянын өкмөт башчысы Франсуа Фийон жана президент Николя Саркози менен жолугушту. Бүгүн болсо ал белгилүү жазуучу Морис Дрюонду 90 жашка чыгышы менен куттуктамакчы.

1-июлдан тартып Франция Евробиримдикке төрагалык кылат. В.Путин Франция төрагалык кылган учур ичинде Евробиримдик менен Орусия ортосундагы кызматташтык келишимин жаңыртуу максатын көздөгөндүктөн улам бул өлкөгө сапар тартты, деп болжолдойт айрым талдоочулар.

Мурдагы келишимдин мөөнөтү былтыр декабрь айында бүткөн. Өз учурунда Москва аны узартууга аракет жасаганда Евробиримдикке мүчө Польша менен Литва каршы болуп койгон.

Жакында Еврокомиссия колго салып, 27 мамлекет өкүлдөрүнүн макулдугу менен Орусияга келишим мөөнөтүн узартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого уруксат берген.

Орусиянын премьер-министри Путин кесиптеши Франсуа Фийон менен гана жолукпастан, кечээ Франция президенти Николя Саркози менен сүйлөштү.

Саясий байкоочулардын баамында, экөөнүн ортосундагы сүйлөшүү учурунда Орусиянын тышкы саясатына тиешелүү орчундуу маселелер козголгон. Ошондон улам бул Медведев-Путин тандеми жаралган үч апта бою алардын мамлекетти чогуу башкаруусундагы жаңылык болду дешет.

"Коммерсант" гезити жазганга караганда ушул иш сапар учурунда Путин маанилүүлүгү жагынан өкмөт башчы эмес, президент жүргүзүүгө укуктуу маселелерди талкуулаган.

Ал эми "Le Figaro" “Тышкы саясатты Орусияда президент тейлейт, бирок Путин «Чоң сегиз» жетекчилери ээ болгон артыкчылыкты сактап калгысы келет. Эмне дегенде анын колунда Евробиримдик-Орусия мамилесинин өзөгүн түзгөн энергетика кубатын өндүрүүчү отун маселеси турат” деп жазат.

Ал эми адистер орус президенти Медведевдин колунда орчундуу стратегиялык маселелер, инвестиция, тышкы саясат болушу керек дешет. Саясий талдоочу Александр Рар “Азаттыкка” буларды айтат:

-Путиндин Францияга жасаган иш сапары, башкача айтканда, ал иш сапарга байланыштуу көрүнүштөр - анын Орусиянын тышкы саясатынан кетпей тургандыгын далилдейт.

XS
SM
MD
LG