Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:17

“ЖАЗГЫ ЖАЛБЫРАКТАР” ФЕСТИВАЛЫ ЖАНА СУЛУУЛАР СЫНАГЫ ӨТӨТ


Кыргыз-жапон борборунун салтка айланган “Жазгы жалбырактар” фестивалы бир нече маданий иш-чараларды камтыйт. Атай кетсек фестиваль жапондордун салтка айланган тайко урма аспабынын музыкалары менен башталат. Иш-чарага келген коноктор бул урма аспаптарда өздөрү да ойноп көрүшсө болот. Мындан сырткары жапондордун улуттук кийими - кимонону кийип көрүү менен бирге “го” деп аталган жапон шахматын ойногонго да мүмкүнчүлүк алышат.

Келген коноктор жапондордун улуттук тамак-аштарынан даам сызышып, көркөм тасмаларын көрүшүп, жапон ырларына күбө болушат. Кыргыз-жапон борборунун өкүлү Жанна Акылбаеванын айтымында, фестивалдын алкагында түрдүү ийримдер уюштурулат.

-Келген коноктор жөн эле карап турбастан өздөрү да катышса болот. Мисалы каллиграфия сабагы боюнча устаттык сабак өткөрүлүп, гүлдөрдөн икебана жасоо ыкмалары көрсөтүлөт. Мындан сырткары жапон ырларына сынак жарыяланып, күжүрмөн катышуучуларга сыйлыктар тапшырылат.

Мына ушундай иш-чараларды камтыган бул фестиваль Бишкекте жылына эки жолу өткөрүлөт. Тактап айтканда жазында “Жазгы жалбырактар фестивалы” ал эми күзүндө “Күзгү жалбырактар” фестивалы уюштурулат. Бул жолку фестивалдын өзгөчөлүгү камтылган иш-чаралардын баары экология темасына арналат. Андыктан фестивалга Жогорку окуу жайларынын ушул тармакта билим алып жатышкан улан-кыздары чакырылган.

Фестивалдын баардык иш-чаралары тандалып алынган темага жараша болот. Мисалы сынактардын суроолору да экологияга байланышкан суроолор болот. Музыкалык номерлер да ушул темада ырдалат. Ошондой эле көрүүчүлөр бүгүнкү күнгө ылайыкташтырылып тигилген кыргыздын улуттук кийимдеринин көргөзмөсүнө күбө болушат.

Бул фестиваль менен катар эле орус драма театрында “Витлайн” промоушн борбору уюштурган сулуулар сынагы өтөт. Ага 23 кыз катышат. Уюштуруучулар билдиргендей катышуучулар бир эле Бишкектен эмес, өлкөнүн облустарынан келген да кыздар бар.

Сынактын программасы бир нече талаптардан турат. Башкача айтканда, катышуучулар сууда түшкөндө кие турган ачык кийимдерди жана кыргыздын улуттук кийимдерин көрсөтүшөт. Ошондой эле көркөм өнөр жаатында таланттарын көрсөтүшүп, интелектуалдык деңгээлдерине баа берилет.

Сынактын жыйынтыгында бир канча номинациялар боюнча жеңүүчүлөр тандалат. Баш байгенин ээси дүйнөлүк финалга жолдомо алат. Ал эми эл аралык сулуулар сынагы ушул жылдын сентябрь айында Ысыккөлдүн жээгинде өтөөрү күтүлүүдө.
XS
SM
MD
LG