Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

4-ИЮНЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


"Freedom Hоuse" уюмунун демилгеси менен өткөрүлгөн укук коргоочулардын жана журналисттердин семинары 2003-жылдын бул күнү Бишкек шаарында ишин баштады. Кыргызстан сотторунун республикалык кеңешмеси 2004-жылдын бул күнү Бишкек шаарында өткөрүлдү.

Айтылуу Бурана тарыхый эстелигинин жанынан табылган уникалдуу эстелик туурасындагы кабар 1954-жылдын бул күнү коомчулукка маалым болду. Чүй районунун Дөңарык МТСинин трактористтери «Панфилов атындагы» колхоздун жерин түздөп жатып, диаметри 90 сантиметр, бийиктиги 1, 2 метрлик идишти табышкан. Идиштин ичинен чыккан жарым жартылай бузулган адамдын сөөгү археолог адисттердин иликтөөсүнө алынган.

Эки күнгө Кыргызстанга келген белгилүү финансист Жорж Соростун сапары 2003-жылдын бул күнү соңуна чыкты. Ж. Сорос Бишкек шаарында орун алган Борбор Азиядагы Америка университетинин 10 жылдык салтанатына катышып, 150 бүтүрүүчүгө диплом тапшырды. Айтылуу филантроп Борбор Азиядагы Америка университеттин региондогу кызматташтыкты арттырууга олуттуу салым кошоорун белгилеп, андагы академиялык эркиндикти кубаттады. Жорж Сорос бул күндөрү президент Аскар Акаев менен жолугушуп, алар университеттин студенттери үчүн курула турган жатаканага байланыштуу меморандумга кол коюшту.

"Freedom Hоuse" уюмунун демилгеси менен өткөрүлгөн укук коргоочулардын жана журналисттердин семинары 2003-жылдын бул күнү Бишкек шаарында ишин баштады. Семинарда Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы жана аны жакшыртуу жагдайы талкууланып, соңунда кыргыз өкмөтүнө сунуштар кабыл алынган.

Кыргызстан сотторунун республикалык кеңешмеси 2004-жылдын бул күнү Бишкек шаарында өткөрүлдү. Республикалык кеңешмеде сот реформасын өнүктүрүү, адилет жана айкын сот системасын куруу зарылчылыгы белгиленди. Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов Юстиция министрлиги менен Сот департаментин Жогорку Соттун карамагына өткөрүү зарылчылыгына токтолду. Кеңешме ишине президент А. Акаев, премьер-министр Н. Танаев, Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы А. Эркебаев баштаган өлкө жетекчилиги катышышкан.

Тышкы иштер министрлиги тарабынан даярдалган “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык протоколу” аттуу китептин бет ачаары 2004-жылдын 4-июнь күнү өткөрүлдү. Китепте кыргыз дипломатиясы, атамекендик дипломатиянын протоколдук тарыхы баяндалат. Мындан тышкаары биринчи дипломатиялык эмгектин автору, тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протоколдор кызматынын жетекчиси Мирбек Эшалиев мамлекеттик деңгээлдеги жолугушуулар менен визиттерди уюштуруу, мамлекет башчыларын тосуунун эрежеси, дипломатиялык чөйрөдөгү этикет сыяктуу орчундуу маселелерди чагылдырууга жетишкен.

Калк арасында «мародерлердун күнү» делген 24-марттагы талоондо мүлкүнөн айрылгандар 2005-жылдын 4-июнь күнү өкмөт үйүнүн каршысына пикетке чыгышты. Талоондон жапа чеккен пикетчилер 1, 5 миң соодагердин чыгымы 1 жарым миллиард сомго жеткендигин билдиришип, аны өкмөт өндүрүп берүүсүн талап кылышкан.

Чукул өткөрүлгөн президенттик шайлоого талапкер катары катталган Токтайым Уметалиева, Назарбек Нышанов, Урмат Барктабасов жана Аманбай Сатыбаевдер 2005-жылдын 4-июнда мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырышты. Лингвистикалык комиссия сынак соңунда төрт талапкердин тил билимин оң баалап, алардын бары тең мамлекеттик тилди билет деген жыйынтык чыгарган.

АКШ коргоо министри Роберт Гейтс 2007-жылдын 4-июнь күнү Кыргызстанга келди.
XS
SM
MD
LG