Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:25

19:55 Кыргызстандын тышкы иштер министри «M Al Hokair and Sons Group» компаниясынын вице-президенти менен жолукту


Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаев 3-июнда «M Al Hokair and Sons Group» компаниясынын (Сауд Арабиясы) вице-президенти Маджид бин Абдульмохсен бинАбель Азиз Хокайерди кабыл алды. Жолугушууда соода-экономикалык тармагында кыргыз-араб кызматташтыгы башкы маселе катары талкууланды. Э. Карабаев Кыргызстан Сауд Арабиясы менен экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө Кыргызстан орчундуу көнүл бура турганын баса белгиледи. Эки тарап жолугушуунун соңунда Кыргызстан менен Сауд Арабиянын ортосунда достук жана кызматташтык мамилелерди кеңейтүүгө ишеним билдиришти. (KCh)

XS
SM
MD
LG