Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:54

“КУМТӨРДӨН” НАРЫНГА КОТОРУЛГАН 7 МЛН. СОМ КАЯКТА?


Нарын шаарындагы “Биримдик” коомдук бирикмеси 2000-2006-жылдарда “Кумтөр оперейтинг” компаниясы тарабынан Нарын облусуна бөлүнгөн 7 млн. 40 миң сомдун кайда жумшалгандыгы тууралуу сурап облустук бийликке арыз менен кайрылган. Бирок облустук акимчилик мындай каражат облустун казынасына түшкөн эмес деп жооп кайтарган. “Биримдик” коомдук бирикмеси түшкөн каражаттын дайынын иликтеп берүү өтүнүчү менен жогорку органдарга кайрылууда.

Нарын шаарындагы “Биримдик” коомдук бирикмесинин төрагасы Тойчубек Айдаралиев “Кумтөрдөн” которулган акчалар тууралуу оболу өздөрүнө кайрылуу кат түшкөндүгүн айтат:

- “Кумтөр оперейтинг» компаниясынан 7 млн. 40 миң сомдун түшкөнү боюнча Нарын шаарынын жана Нарын районунун элдеринен бизге арыз түшкөн, ушундай акча түшүптүр, бул акчанын кайда жумшалганын билип бериңиздер деп.

Бул боюнча облустук акимчиликке кайрылышканда андай акча Нарын областынын бюджетине түшкөн эмес деп губернатордун биринчи орунбасары Бакашовдун колу менен эки сап жооп келген.

Ал эми ошол эле учурда «Кумтөр» компаниясынан акча которулган деген жооп алышкан:

- Кайра биз «Кумтөр» компаниясынын директору Сазанов деген жигитке кайрылсак, ошол акчалардын түшкөнү боюнча андан бизге кат келди.

Тойчубек Айдаралиевдин маалыматы боюнча, Нарын мамлекеттик администрациясынын астына «Кумтөр» алтын ишканасынын бир бөлүмүн ачыптыр. Ошол ачылганда 1 млн. 400 миң сом которулган. Андан кийин Нарын мамлекеттик администрациясына 5 млн. акча келген. Бардыгы 7 млн. 40 миң сом.

-Негизинен бул жерде «Кумтөр» компаниясы бүт бардыгын жазыптыр, кандай кимге жардам бериш керек тууралуу. Айыл чарбасы боюнча сугат иштерине, элге жардам берилсин деп которулган акча экен. Бүгүнкү күндө ал акча кайда кеткенин билбей атышпайбы. Нарын мамлекеттик администрациясы өзүлөрү билбейт экен ал акчанын кайда кеткенин. Мурдагы 2000-2006-жылга которулган акча экен да. Бул Нарын облустук администрациясынын мурдагы жетекчилеринин тушунда жоголгон акча экен.

Бул маселе боюнча коомдук бирикме иликтөөнү улантууда. Бул максатта Нарын шаарынын тургундары, ошондой эле Дөбөлү айыл өкмөтүнүн адамдары менен жолугуп, кеп-кеңеш өткөрүлгөн.

-Алар ушул акчаны кайтарып берүү боюнча бизге даттануу арыздарын жазып, колдорун коюшуп, кайрадан өкмөткө кайрылып жатабыз. Эми алар кандай чечет билбейм, келечек көрсөтөт да,- дейт Тойчубек Айдаралиев.

XS
SM
MD
LG