Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:30

17:45 Ноокен районунда коомчулук Дооронбек Садырбаевдин атын Масы айыл өкмөтүнө коюп берүүнү суранууда


Райондун бир нече айыл-кыштактарынан чогулган 50дөй адам жергиликтүү бийлик башчылары менен жолугуп, жакында оорудан каза болгон Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты Дооронбек Садырбаевдин мыкты сапаттарын эскерип сүйлөштү. Район акими Турдумамат Сагындыков менен райкеңештин төрагасы Кеңешбек Өскөнбаевге Кыргыз эл артисти Садырбаевдин атын Масы айыл өкмөтүнө коюп берүүнү өтүнүштү. Жергиликтүү бийлик ээлери аларга маселени адегенде айылдык кеңеште талкуулоону, андан кийин жогорку жакка кайрылуу жагын түшүндүрүштү. Буга дейре Садырбаев менен досу Файзулла Тойчукулов экөөнүн аты кошмоктолуп айылдын бир көчөсүнө берилген. (YA)

XS
SM
MD
LG