Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

КМШ ЭКИ ӨЛКӨГӨ ЭЛЕ КЕРЕК ӨҢДӨНӨТ


Бүгүн Санкт-Петербургда экономикалык форум ачылат. Жыйын маалында президент Дмитрий Медведев --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/06/143E1103-7C29-4ACA-9C59-4B4CD51A6FAA.asp КМШнын лидерлери менен жолугушат жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Байкоочулар Медведевге эки өлкөнүн – Украинанын жана Грузиянын президенттери менен кыйын-кычыктуу жагдайларды талкуулоого туура келерин айтышууда.

Дмитрий Медведев президент болгондон бери КМШ өлкөлөрүнөн Нурсултан Назарбаевден башка мамлекет башчылары менен маңдай-тескей отуруп сүйлөшө элек. Бул кенемтени толтурганга экономикалык форумга шылтоолоп өткөрүлгөнү жаткан быйырасмий саммит жакшы мүмкүндүк бермекчи.

Россиялык эксперттер Медведевге биринчи кезекте Виктор Ющенко жана Михаил Саакашвили менен кыйын-кычыктуу бир катар темаларды жана проблемаларды талкуулаганга туура келет дешет. Москвалык аналитик, "Russia In Global Affairs" журналынын редактору Федор Лукьянов украин жана грузин маселелеринде өтө терең айрымачылыктар барлыгын, ошондуктан олуттуу эч кандай деле мунасаларга үмүт кылууга болбой турганын айтты. Медведев, арийне, Путинге окшоп кыжырлуу апазда эмес, сылык-сыпаа мүнөздө сүйлөрү бышык, бирок мындан Москванын позициясы жумшарып кетпейт, дейт ал.

Бул пикирге Вашингтондогу “Мурас” фондусунун Москвадагы бөлүмүнүн директору Евгений Волк да кошулду. “Жеке менин пикиримде,- дейт ал, - Медведевдин аракеттери үзүрлүү болору күмөн, анткени грузин жана украин лидерлери өз багытын так аныктап алышкан. Эки өлкө тең иш жүзүндө Евросоюзга жана НАТОго кошулууну көздөп калышты”. Айрыкча быйыл кайра тутанган Абхазиянын чатагы орус-грузин мамилелерин ого бетер оорлотуп жиберди.

Медведев Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен да өзүнчө жолугушуп, достук мамилелерди бекемдөө маселелерин талкуулаганы жатат. “Россия кызматташтык өлкөлөрүндө өндүрүлгөн энергия ресурстарынын – мунайдын, газдын – Европага, дүйнөнүн башка аймактарына өз территориясы аркылуу экспорттолушуна абдан кызыкдар”, - дейт Евгений Волк. Кала берсе Москва Баку-Тбилиси-Жейхан тутумундагы карамайдын “түштүк агымын” какшытып салгандан деле кайра тарткысы жок жана буга өз өнөктөштөрүн, анын ичинде Түркмөнстанды пайдаланууну көздөйт.

Федор Лукьянов бул темадагы сүйлөшүүлөр да кыйын болушу ыктымал деген кыязда. “Түркмөнстан кайрадан – мурдагы президент Сапармурат Ниязовдун тушундагыдай эле – бир эле мезгилде бир нече багытта бардык кардалдар менен ойкелди оюн жүргүзгөнгө өтө баштады”,-дейт орус эксперти.

Казакстандык аналитик Досым Сатпаев дегеле соңку жылдары бейырасмий саммиттердин саны ырасмий жолугушуулардан алда канча ашып кеткенин белгилеп, түпкүлүгүндө КМШнын өзү президенттердин пайдасыз талкуу-талаш ийримине айланып кетти деген пикирин билдирди. Сатпаевдин айтымында, жалпысынан алганда КМШнын мындай жыйындары 2+10 формуласында өтүп калды, анткени алар Россия менен Казакстанга өздөрүнүн интеграциялык долбоорлорун башкаларга көрсөтүү үчүн гана керек өңдөнөт.

XS
SM
MD
LG