Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:37

11:05 Санкт-Петербургда ХI I Эл аралык экономикалык форум өз ишин баштады


Аталган форумга КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери катышууда. Форумдун ишине Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев дагы катышып, аны коштогон делегациянын курамында президенттик администрациянын жана өкмөттүн өкүлдөрү бар. 9 миң адам катышып жаткан форумдун жүрүшүндө тышкы байланыштар, саясий кызматташтык жана дүйнөлүк экономикалык кырдаал талкууга алынат. Форумдун алкагында жети тегерек үстөл жыйыны жана экономика, энергетика, маданият темаларына арналган төрт конференциянын өтөөрү күтүлүүдө. Эл аралык экономикалык форумга 70 өлкөнүн ишкерчилик чөйрөсүнүн, Орусия Федерация Кеңешинин, Мамлекеттик думанын өкүлдөрү катышууда. Форум Санкт-Петербургдагы “Ленэкспо” аттуу ири көргөзмө комплексинин аймагында өтүп жатат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG