Бир жумалык сапары маалында Жорж Буш европалык лидерлер менен талкуулаганы жаткан маселелердин ичинен президенттин улуттук коопсуздук иштери боюнча кеңешчиси Стивен Хэдли баарыдан мурда иран темасын атады. Бу проблема боюнча жаңы сунуштар айтылып калышы ыктымал. Европалык үч өлкө, Кытай, Россия жана АКШ биргелешип Тегеранга дагы бир жолу иштиктүү демилгелерди даярдашты, аны Иранга Евросоюздун жогорку өкүлү Хавер Солана алып барганы жатат.
Жалпысынан Хэдли бу сапар маалында кандайдыр бир өзгөчөлүү билдирүүлөр болбой турганын, болгону күн тартибиндеги проблемалардын чечилишин илгерилеткенге аракет жасаларын ырастады.
Буш европалык лидерлер менен бир катар темаларды, алардын ичинде Грузиянын президенти Михаил Саакашвилиге жана анын Абхазияга байланыштуу демилгелерине кандайча дем берүү керектигин, Ливандагы демократияны, “көз карандысыз,көп улуттуу Косовону” колдоо, Сербиянын Евросоюз менен жакындашуу процессине көмөктөшүү, Ооганстан менен Ирактын бийликтерине жардамдашуу, Европадагы энергетикалык коопсуздукту чыңдоо, трансатлантикалык кызматташтыкты бекемдөө маселелерин талкуулаганы жатат. Климаттын жылышына каршы күрөшүү чаралары, дүйнөлүк азык-түлүк кризиси да кеңири сөз болот. Акыркы проблема боюнча Буш Японияда боло турган “чоң сегиздин” саммити алдында европалыктар менен кеңешип алгысы келет.
Байкоочулар Буштун бул визитин негизинен Европа менен коштошуу сапары катары карап жатышат. Вашингтондогу саясий изилдөөлөр боюча көз карандысыз борбордун – Cato институтунун вице-президенти Гален Карпентер да Буштун бул жолку сапарынан олуттуу натыйжаларды күтпөйт. Өзгөчө Иран, Балкан жана Кавказ проблемаларында АКШ менен Европанын, же бул иштерге тартылган башка өлкөлөр ортосунда кыйла айрымалуу көз караштар бар. Европалыктар АКШдан бир маселеде – экономикалык катаң санкциялар аскерий операциянын алдындагы камылга эместигине өтүлдүк алгысы келет. Бирок бу жагынан күмөн-күдүктөр да бар, европалыктарга Буштун администрациясы санкциялардын натыйжасыздыгы тууралуу вариантты сап кармап алгандай көрүнөт.
Балкан проблемасында деле жагдай ушундай экенин белгилеп, Карпентер батыш европалыктар Косовонун эгемендиги кеңири колдоого ээ болот деп бир топ жаңылып алышканына, көп өкмөттөр бул өнөгө Испанияда басктарга, Грузияда абхаздарга жаңы дем берет деп кооптонуп жатышканына назар бурду. Грузия менен Россиянын ортосундагы талашта болсо, Карпентердин айтымында, европалыктар Тбилисиге ашып эле барса айрым бир колдоолорун айтышы мүмкүн, андан артык кадамдарга барышпайт. Бу проблеманы европалыктар Россия менен тирешүү үчүн олуттуу жүйөө деп эсептешпейт. Ал эми президент Буштун администрациясы, андан да республикачылардын президенттикке талапкери Жон Маккейн, анын командасы грузин маселесинде Россия менен дипломатиялык жактан тирешүүнү, атүгүл аны Москвага байланышкан мамилелерде башкы орунга чыгарганга даяр шекилди. Муну Карпентер “таң калыштуу позиция” деп атады.