Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:09

8:10 Эки кыргыз милиционеринин кармалышы боюнча Өзбекстанга нота жолдонду


Бул окуянын чоо-жайы тууралуу түшүндүрмө берүү өтүнүчү менен кыргыз тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын тышкы саясий мекемесине кайрылды.ТИМдин маалымат кызматынын кабарына караганда, учурда кыргыз тарап Өзбекстандан расмий жооп күтүүдө. Алабука райондук милициясынын эки кызматкери беш күн мурда Өзбекстандын кошуна Чартак районунда кармалып, аларга мас абалында автоунаа айдап, жол эрежесин бузду деген айып тагылган. Кыргыз ички иштер министрлиги алар кызматтык тапшырма менен Алабукадан Өзбекстандын аталган аймагы аркылуу Жалалабат шаарына бараткан учурда кармалып, жасалма айып тагылганын жана өзбек тараптын аларды бошотпой жатышы түшүнүксүз экенин кабарлаган. Кыргыз тарап муну өзбек чек арачыларына байланышкан окуяга жооп иретинде атайын уюштурулган иш деп боолголойт.

2-июнда Жалалабаттын Ноокен районуна өзбек чек арачылары мыйзамсыз кирип келип, бир кыргыз жаранын күчтөп алып кетмекчи болгондо жергиликтүү калк каршылык көрсөтүп, алар курал-жарактарын таштай качышкан болчу. ИИМдин маалыматына караганда, өзбек тарап ошол курак-жарактар кайтарылса гана бул маселе оң чечилээрин кыйытышууда.(SM)

XS
SM
MD
LG