Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:49

11:53 Норвегиялык Хельсинки комитетинин кеңсеси мыйзам ченеминде текшерилди


Мындай билдирүү менен өлкөнүн ички иштер министрлигинин маалымат кызматы бүгүн чыкты. Анда 9-июнда Норвегиялык Хельсинки комитетинин Бишкектеги кеңсеси легалсыз миграция, адам соодалоо, өлкөнүн ички коопсуздугун камсыздоо максатында ИИМдин 9чу бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан текшерүүгө алынганы белгиленген. Текшерүүнүн башында кеңсенин кызматкери Елена Мамадназарова комитет 2007-жылы ачылганын билдирип, бирок иштөөгө уруксат берилгени тууралуу документтерди көрсөтө алган эмес. Норвегиялык комитеттин чакыруусу менен текшерүү жүрүп жаткан жерге келген жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү текшерүүгө жолтоолук кылып, ал кеңсенин мыйзам чегинде иштеп жатканын аныктоого мүмкүнчүлүк берген эмес. Өз кезегинде жергиликтүү укук коргоочулар Норвегиялык Хельсинки комитетинин Бишкектеги кеңсесин текшерүүдө Конституциянын 14 бөлүмүнүн 3 беренеси кепилдеген “турак-жай кол тийгистиги” бузулганын билдирүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG