Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:09

АТАКТУУ ЖАЗУУЧУ ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ ДҮЙНӨ САЛДЫ


Дүйнөлүк жана кыргыз улуттук адабияты орду толгус оор жоготууга учурады. Дүйнөгө атагы чыккан кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов --> http://www.azattyk.org/rubrics/culture/ky/2008/02/AE9248FB-F604-4D75-8BE5-B20F71108471.asp 10-июнда катуу оорудан кийин Германиянын Нюрнберг шаарында ооруканада жарык дүйнө менен кош айтышты. Чыңгыз Айтматов 16-майда Татарстандын Казан шаарында өзүнүн “Кылым карытар бир күн” чыгармасы боюнча тартылып жаткан тасмага катышуу учурунда бөйрөгү кармап ооруканага жаткырылган эле. Андан көп өтпөй жазуучу Германиядагы Нюрнберг клиникасына которулган. Бирок кыргыз журту гана эмес дүйнө окурмандары кастарлаган бөтөнчө таланттуу жазуучуну, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерди ажалдан арачалап калуу дарыгерлердин колунан келбей калды.

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Кыргызстандын Талас облусундагы Шекер айылында туулган. Ал совет доорунда эле таланттуу жазуучу катары дүйнөгө таанылып, мыкты чыгармалары үчүн Социалисттик Эмгектин Баатыры жогорку наамын алган, СССРдин Лениндик жана мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты болгон. Ал ошондой эле башка эл аралык көп сыйлыктарды алып, Рим клубу, Европа илимдер академиясы сыяктуу эл аралык абройлуу уюмдарга мүчө болгон. Ал мамлекеттик иштерге да жигердүү катышып, Президент Горбачевдун тушунда Президенттик Кеңештин мүчөсү, андан кийин СССРдин Люксембургдагы элчиси болуп кызмат өтөгөн. СССР таркагандан кийин Чыңгыз Айтматов көп жылдар бою Кыргызстандын Бенилюкс өлкөлөрүндөгү жана НАТОдогу элчиси кызматын аркалап келди.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары дүйнөнүн 170 тилине которулуп, чет өлкөлөрдө жалпы нускасы 40 миллион нуска менен чыккан. ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча Ч.Айтматов көп жылдардан бери дүйнөнүн эң окумдуу жазуучуларынын бири болчу.

Атактуу жазуучу быйыл 80 жашка карап, Кыргызстанда быйылкы жыл Айтматов жылы деп жарыяланып, жыл башынан бери мааракеге арналган ар кандай иш чаралар байма-бай өтүп жаткан.

Атактуу жазуучунун дүйнө салганы тууралуу президент Курманбек Бакиевге да кабарланып, президент буга байланыштуу иш-чараларды уюштурууга, даярдык көрүүгө тиешелүү адамдарга көрсөтмө берди.
XS
SM
MD
LG