Өлкөнүн ар кайсы аймактарынан чогулган юристтер мындан эки күн мурда түштүктөгү Суккур шаарына курултай өткөрүп, Исламабадды көздөй “узак жүрүшкө” чыгууну чечишкен эле. Бир нече чакырымга созулган автокербен шаршемби күнү Лахор шаарына жетти, бүгүн ал Исламабадга кирет деп күтүп жатышат. Юристтердин кыймылы жана алардын колдоочулары жолду ката өлкөнүн жарандарын бейшемби күнү Исламабадда боло турган “улуу жыйынга” үгүттөп, ”Кет, Мушарраф, кет!”,- деп ураан чакырып келишти.
Былтыр ноябрда Мушарраф өлкөдө чукул абал жарыялап,буга байланыштуу жогорку соттун төрагасын,ага кошуп дагы 60 судьяны кызматтан бошотуп салган эле. Быйыл февралдагы парламенттик шайлоодо утуп чыккан мурдагы оппозициялык эки партия алардын баарын кайрадан өз ордуна койгонго убада беришкен. Бирок чаташкан мыйзам процедураларынан улам буга жетише алышкан жок.
Юристтер кыймылы өкмөттөн актангандын ордуна өлкөнүн сот системасын мурдагы позицияга коюуну талап кылды. “Мыйзамга каршы кылмыш жасалды жана ал жазасын алууга тийиш”,- деп айтты алардын өкүлү. Кыймылдын лидерлери өкмөт бул талапты 12-июнга чейин аткарышы керектигин эскертишкен.
Байкоочулар юристтердин кыймылын колдоп бүгүн Исламабадда миңдеген адамдар демонстрацияга чыгат,”узак жүрүш” бул жерде “узак митингге” айланышы ыктымал дешет. Эгер чын эле кырдаал кыйындап кетсе, анда бул президент Мушарраф үчүн эле эмес, коалициялык өкмөткө да оор сыноо болушу мүмкүн.
Исламабадда “узак жүрүштүн” келишин күтүп, бийликтер коопсуздук чараларын күчөтүштү. Былтыр жайда ушундай аламан жыйында бомба жарылып, он алты киши набыт болгон эле.