Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

НАТО КӨҢҮЛҮН ОРУСИЯ МЕНЕН УКРАИНАГА БУРУУДА


Элеонора Бейшенбек кызы, Прага НАТОнун Коргоо министрлеринин Брюсселдеги жыйынында Украина менен Орусия көнүл чордонуна айланды. Аталган эки өлкөнүн Коргоо министрлери менен сүйлөшүү бул уюм бейшембиде Косовонун жаңы коопсуздук күчтөрүн окутуу тууралуу макулдашкандан кийин башталууда.

НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Скеффер Орус Коргоо министри Анатолий Сердюк менен жолугушуу алдында Орусия менен жакындан берки болгон кызматташууну азыноолок мактап өттү. НАТОнун Ооганстандагы миссиясы үчүн Орусия аймагын транзит катары пайдаланууга мүмкүнчүлүк берип жатканын белгиледи.

НАТОнун баш катчысы ошол эле учурда алдыда дагы жасалчу иштер бар экенин белгилеп, Орусия менен мамиле бир кылка болбогонун да моюндады:

- Баарыбыздын кызыкчылыгыбызга төп келген бир катар эл аралык көйгөйлөрдү, алардын ичинде мурдатан белгилүү болгон пикир келишпестиктерди да талкууларыбыздан шек санабайм. Бул пикир келишпестиктерге карабай НАТО-Орусия Кеңешинде баарыбыз бир үстөлгө отуруп татаал саясий көйгөйлөр тууралуу сүйлөшкөнү жатабыз.

НАТО менен Орусия ортосундагы “белгилүү” кайчы пикерлерге АКШнын Борбордук Европага ракетадан коргонуу системасынын бөлүктөрүн жайгаштыруу планы кирет.

Расмий Вашингтон учурда Чехия менен Польшага ракетадан коргонуу радарларын орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Бул планды НАТО колдойт, ал эми Орусия муну өз өлкөсүнүн коопсуздугуна коркунуч катары сыпаттап караманча каршы болууда.

Булардын ошондой эле Косово боюнча турумдары эки айры.

12-июнда НАТО уюмуна кирген өлкөлөр Сербиядан көз карандысыздыгын бир тараптуу жарыялаган Косовонын коопсуздук күчтөрүн окутууну макулдашкан. Мындай макулдашуу Косовонун 15-июндан тарта күчүнө кирчү жаңы Баш мыйзамынын алдында болду.

Анда аймактагы Улуттар Уюмунун миссиясынын айрым бир ыйгарым укуктары Европабиримдигине берүү каралган.

Орусия Косовонун көз карандысыздыгын тааныбайт жана 12-июндагы БУУнун Косоводогу миссиясынын жетекчиси Йоахим Рюкерди (Joachim Rücker) мындай иштерден кийин кызматынан чегиниши керек деп айтып чыккан.

Апрелде НАТО Украина менен Грузияны азырынча уюмга кошпой турууну чечкен, бирок акыр аягында кошулушу бышык экенин тастыктаган.

Орусиянын жаңы президенти Дмитрий Медведев өткөн жумада НАТОнун мындан ары кеңейиши бул уюм менен расмий Москванын келерки жылдардагы алакасына терс таасирин берерин айткан.

Украина президенти Виктор Ющенко 13-июнда дагы бир жолу Орусияны анын НАТОго мүчө дымагы Москвага каршы эместигине ишендирди. “Ля Круа” ("La Croix") деп аталган француз гезитине курган маегинде Ющенко Украинанын аймагы Орусияга каршы колдонулбастыгын ырастады.

XS
SM
MD
LG