Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:55

15:17 Нью-Йоркто Кыргызстандын консулдугу ачылышы мүмкүн


Бул маселе кыргыз тышкы иштер министри Эднан Карабаевдин АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбордук Азия боюнча жардамчысынын орун басары Жорж Крол менен жолугушуусунда козголгонун ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушууда Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык, анын ичинде соода-экономикалык кызматташуусуна байланышкан маселелер талкууланды. Министр ошондой эле Нью-Йоркто Кыргызстандын консулдугунун ачуу жана кыргыз жарандарынын АКШга каттосунда виза режимин жөнөкөйлөштүрүү боюнча маселелерди козгогон. Тараптар ошондой эле Ооганстандагы калыбына келтирүү иштерине көмөк көрсөтүү, регионалдык коопсуздукту сактоо маселелери боюнча да сүйлөшүшкөн. (SM)
XS
SM
MD
LG