Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:41

18:00 Күйдүргү дартынын катталуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду


Өзгөн райондук прокурорунун жардамчысы Алмаз Суранов маалымдагандай, аймакта эпизотикалык кырдаал басаңдай элек. Адамды өлүмгө дуушарлантуучу күйдүргү дартынын катталуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды. Эми илдеттин очогу жана анын калк арасына таралышына ыңгай жараткан кишилер аныкталса, жооптууларды жазага чегерүү үчүн материал сотко жөнөтүлмөкчү. Өзгөн районун акими Үсөнбай Абдыраимов күйдүргүнүн эски очокторун аныктоо кыйынга туруп жаткандыгын, ошого карабастан, дарттын алдын алуу жана катталгандарын сакайтуу боюнча чаралар күчөтүлгөндүгүн “Азаттыкка” кабарлады. (ATo)

XS
SM
MD
LG