Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:36

17:35 Курманбек Бакиев Нарынга иш сапары менен барды


26-июнда бир күндүк иш сарапы менен президент Курманбек Бакиев Нарын облусунда болду. Ал жерден Борбордук Азия университетинин курулуш иштеринин презентациясына, кувейттик инвесторлор куруучу «Халал» эт комбинаттынын долбоору менен жана толук ремонттон өткөн Атбашы ГЭСинин төрт агрегаты менен таанышты. Нарын шаарындагы Теңиртоо аянтында ачык эшик алдында эл менен жолугушту. Ага келген адамдардын басымдуу бөлүгү жолугушуу мурдагылардан айырмаланып, дүжүр адамдар чогулбай, ээн-эркин өткөндүгүн белгилешти. Ишенбай Кадырбековду колдоо демилгелүү кыймыл лидери Асыл Жаманова гана алдын ала гана жергиликтүү укук коргоо органдары телефон аркылуу эскерткендиктен Кадырбеков жөнүндө суроо бере албадым, бирок 85 адамдын колу коюлган катты тапшырдым деди. Чогулгандар азык түлүктүн кымбатташы, жол оңдоо, Каракече көмүр кенин толук иштетпөө, Жетимтоо темир кени, жаш мугалимдердин депозитинин толук берилбеши жөнүндө толгон-токой суроолорду беришти. Суроолорго жооп берип жатып Курманбек Бакиев, анын ишине биринчи эки жылында пикет, митингдер тоскоол болгондугуна токтолуп, убакыт бергиле, эми иш башталат, кийинки жылы деле сурап алсаңар болот деди. Серепчилердин айтымында, жолугушууга бир жарым миңден эки жарым миңге чейин эл келгендиги белгилүү болду. (JI)

XS
SM
MD
LG