Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:10

7:40 Сот бүгүн укук коргоочу Качкын Булатовдун кармалышына байланыштуу маселени карайт


Бул маселе Свердлов райондук сотунда каралаарын “Азаттыкка” анын адвокаты Акин Токталиев билдирди. Эки күн мурда шаардык милиция укук коргоочуну тергөөчүнүн чечиминин негизинде 48 саатка камакка алган. Бул мөөнөт бүгүн саат 11де соңуна чыгат. Баш мыйзамга ылайык, кармалган киши 48 сааттын ичинде сотко алып келинип, аны камалышынын мыйзамдуулугу чечилиш керек. “Эр айдоочу” укук коргоо уюмунун башчысы Качкын Булатов “Де-факто” гезитинин тегерегиндеги чатакка тиешеси бар делинип, жалган маалымат тараткан деп айыпталууда. Качкын Булатов аталган басылманын жетекчилигине кылмыш ишин козгоого себеп болгон Замира Молдоева аттуу айымдын макаласын оңдоп, гезитке чыгарууга жардам бергенин жана ал аялды табууга аракет кылаарын буга чейин билдирген болчу. (SM)

XS
SM
MD
LG