Мурунку Югославиядагы кылмыштар боюнча эл аралык трибунал Насер Оричтин доо-арызын канааттандырып, аскердик кылмыштарга тиешеси жок деп тапты. Гаага трибуналы Сребреницадагы босниялык мусулмандардын командачысын 90-жылдардагы Босниядагы согушта серб туткундарынын ажалына арачы болгон эмес деп айыптап, эки жыл абакка камоо туралуу өкүм чыгарган эле. Серб тарап Оричти актаган кийинки соттун чечимин айыптап чыкты.