Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:50

15:40 “Замандаш” партиясынын жетекчиси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен камакка алынды


Бул тууралуу “Азаттыкка” каржы полициясынын маалымат катчысы Зулкайнар Сарытаев кабарлады. Анын айтуусунда Мухтар Өмүракуновдун миграция жана калкты эмгек менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комитетинде статс-катчы кызматында иштеген учурда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке 4,5 млн сом зыян келтиргендиги Эсеп палатасы тарабынан аныкталган. Каржы полициясы тарабынан кечээ суракка чакырылган Мухтар Өмүракунов ушул тапта Бишкек шаардык ИИБнын убактылуу камоочу жайына киргизилгени кабарланууда. Мухтар Өмүракуновго карата каржы полициясы тарабынан тагылып жаткан айып боюнча “Замандаш” партиясы азырынча эч кандай пикир билдире элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG