Төрага Айтибай Тагаев бүгүн Ош облусунун Ноокат районунда иш сапары менен болуп, шайлоочулар жана райондун жетекчилиги менен жолугушуларды өткөрөт. Спикердин иш сапары андан ары Баткен облусунда уланып, Кызыл-Кыя шаарында жана Кадамжай районунда да ушундай эле жолугушуулар болмокчу. 8-июлда болсо парламент төрагасы “Ак жол” партиясынын Баткен облустук бөлүмүнүн жыйынына катышары күтүлүүдө. Айтибай Тагаев иш сапарын Лейлек районунан жыйынтыктайт, деп кабарлайт парламенттин маалымат кызматы. (ZKo)