Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

8-ИЮЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кыргызстандагы биринчи калк каттоо 1968-жылдын 8-июлунда соңуна чыгып, комиссия Кыргызстан аймагында 24 072 түтүндү тизмеге алган. Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан мамлекет башчыларынын 1994-жылдын 8-июль күнү Алматы шаарында өткөн саммитинде «Борборазиялык экономикалык биримдиги» курулган.

Кыргызстан аймагы Россия империясынын курамына алынгандан кийин, мында жүргүзүлгөн административдик реформаларга ылайык кыргыз жергеси Түркстан генерал-губернатордугуна караштуу Жетисуу областына киргизилген. Түркстан генерал-губернатордугу 1867-жылы уюшулуп, Чүй өрөөнүндө Токмок уезди курулган.

Токмок уездинин аймагы Кан Тоого жана Нарын дарыясынын тоолуу жергесине чейинки территорияны кучагына алган. Колониалдык бийлик аймактагы административдик түзүлүштү келиштириш максатында, Жетисуу менен Сырдарыя областтарынын башкаруу системасы туурасында долбоор иштеп чыккан. Ал үчүн аймакта жашаган калктын санын тактап, ага жараша административдик бирдикти түзүү иши каралган. Бул максатта уюшулган комиссия, 1867-жылдын 11-декабрында Токмокко келип, каттоо каттоо иши 1968-жылдын 8-июлунда соңуна чыгып, комиссия Кыргызстан аймагында 24 072 түтүндү тизмеге алган. Комиссиянын сунушуна ылайык 24 072 түтүн кыргыздар 19 болуштукка бөлүнгөн.

Бардык Борбордук Азия өлкөлөрү сыяктуу эле Кыргызстан 1992-жылдын январь айында Европанын коопсуздук жана кызматташтык уюмуна кабыл алынып, 8-июлда ал уюмдун негизги талаптарын кабыл ала турган документтерге кол койгон.

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан мамлекет башчыларынын 1994-жылдын 8-июль күнү Алматы шаарында өткөн саммитинде «Борборазиялык экономикалык биримдик» курулду. Үчтүктөр биримдигине Кыргызстан президенти Аскар Акаев, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев, Өзбекстан президенти Ислам Каримовдор кол коюшкан.

«Борборазиялык экономикалык биримдик» алкагында мамлекет башчыларынын жана өкмөт жетекчилеринин башын бириктирген Мамлекет аралык кеңеш уюшулган. Мындан тышкаары Тышкы иштер жана коргоо министрликтер үчүн атайын кеңештер курулуп, аалардын ишин жумушчу органы катары түзүлгөн Аткаруу комитети жүзөгө ашыраары белгиленген. Борборазиялык экономикалык биримдик алкагында «Борборазиялык кызматташуу жана өнүгүү банкы» ишке киришкен.

Шериктеш мамлекеттер биримдигинин Аткаруу комитетинин төрагасы Владимир Рушайло 2004-жылдын 8-июлунда Бишкекке келди. Сапар маалында ал Кыргызстан жетекчилиги менен жолугушуп, Биримдиктин азыркы абалы, келечек өнүгүүсү жана кызматташууну арттыруу тегерегинде пикир алмашты.
XS
SM
MD
LG