Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:59

АЗЫК-ТҮЛҮК КААТЧЫЛЫГЫНАН ЧОЧУГАНДАР КӨБӨЙДҮ


Ош облусунун көпчүлүк райондорунда оруп-жыюу өнөктүгү кызыды. Жергиликтүү дыйкандар жана эксперттер быйылкы кургакчылыктан улам түшүм ойдогудай болбой жаткандыгына кейип, мамлекет чукул арада чара көрбөсө, азык-түлүк каатчылыгы күтүлөт деп кооптонушууда. Ошол эле учурда бийлик башчылары былтыркыдай тартыштыкка жол берилбейт деген ишенимде.

Аравандык дыйкан Махмуд Абабакировду талаадан жолуктурдук. Ал кебин адегенде эле проблемадан баштады:

- Быйылкы алган түшүмүм өз чыгымын актабай калды. Суулу жерге эккен эгинимдин түшүмүн көрүп турасыңар. Чыкса 600 кг. чыгат. Эгер дары-дармектерди жеткиликтүү берип, суу да кеңири болгондо бир тонна түшүм алсам болот эле.

Карасуулук комбайнчы Эрмекбай Кочкоров белгилегендей, быйыл ал оргон буудай аянттарынын басымдуулугунда түшүм абдан начар. Ошол себептүү кышта аймакта азык-түлүк тартыштыгы өкүм сүрүшү ыктымал:

- Эгинди чаап берген акыбызга бир гектарына 35 литр солярка, тоннасына 100 килден буудай алабыз. Быйыл түшүм анча жакшы эмес. Көпчүлүк жерде трактор айдатпай эле, мала бастырып эгин салышкан эле. Анын үстүнө мурдагыдай жер семирткичтерди беришкен эмес. Чөп басып кеткен.

Ош облус губернаторунун орун басары Болот Бүргөев аймактагы оруп-жыюу өнөктүгү ойдогудай экендигин эске салды. Ошондой эле быйылкы түшүмдүн эсебинен калктын 91 пайызы буудай менен камсыз болот деген ишеничте экендигин жашырган жок:

- Араван районунда бүтөйүн деп калды. Эми азыр Ноокат, Карасуу, Өзгөн райондорунда да башталган. Жалпысынан 74 миң гектар буудай эгилген. Буудайдын орточо түшүмдүүлүгү да 37 центнерден ар бир гектарынан айланып жатат. 140 оруп-жыйноочу комбайндар облус боюнча иштеп жатат. 91 пайыз буудай менен калк камсыз болот. 10 пайыз импорт келет.

Ал эми көп жылдар бою агрардык тармакта эмгектенген көз карандысыз эксперт Төлөгөн Келдибаев облустук бийликтин убадасын төгүндөп, «Азаттыкка» буларды айтып берди:

- Бүгүнкү күндө облуста 74 миңге эмес, 50 миң гектардын тегерегинде гана кылкан дан эгилди десе мен толук ишенем. Өзүбүздүн облусту камсыз кылат деген маалыматка мен кошулбайм. Ушул система менен биз жалган маалымат берип кете берсек, Кыргызстан азык-түлүк кризисине толук учурайт. Себеби дыйкандар өзүнө гана жете турган эгинди эгип атат.

XS
SM
MD
LG