Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:38

Иракта бүгүнкү жардыруулардан бир нече киши каза тапты


Маселен өлкөнүн түндүгүндөгү Мосул шаарында жанкечти айдаган автоунаанын жарылуусунан жети адам өлүп, дагы кеминде он жети киши жарадар болду. Жанкечти бутага ушул чөлкөмдөгү коопсуздук операцияларына башчылык кылган генералды алган. Бирок армия генералы жабыр таркан жок. Мунун алдында батыштагы Анбар провинциясынын Фаллужа шаарында удама-удаа болгон эки жарылуудан кеминде алты адам өлүп, он сегизи жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG