Бул тууралуу АКШда Демократиялык партиянын атынан президенттикке талапкер Барак Обама Кабулга жасаган иш сапары учурунда журналисттерге билдирди. Сапарынын жүрүшүндө Обама ооган президенти Хамид Карзай менен жолугушуп, коррупция жана Ооганстандагы маңзат аткезчилиги менен күрөшүү тууралуу сүйлөштү. Өз сөзүндө Обама президенттикке шайланса, террорчулук менен күрөштү улантаарын белгиледи.