Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:14

САРЫ-ЧЕЛЕК КОРУГУНДА ТОКОЙЧУЛАРДЫН ИШ ТАШТООСУ УЛАНУУДА


Ырысбай Абдыраимов, Жалал-Абат 21-июлдан бери Жалал-Абат облусунун Аксы районундагы мамлекеттик Сары-Челек коругунда токой кызматкерлеринин иш таштоосу уланып жатат. Алар айлык акыларын көбөйтүп берүүнү талап кылышууда. Иш таштагандар бүгүн өкмөт башчысы Игорь Чудиновго, Каржы министри Тажикан Калимбетовага, Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаевге жана башка жетекчилерге кайрадан кайрылуу жолдошту.

Аксы районундагы мамлекеттик Сары-Челек коругунда иштегендердин иш таштоосуна күн санап өсүп жаткан кымбатчылык, айлык акынын төп келбегени, жумуштун оордугу менен талаптын күчтүүлүгү себеп болгон. Алар “бир кап ун 1600 сом, маянаны көбөйтүп бербесеңер облуста 20-июлдан тарта жумушту токтотобуз” деген кайрылууну буга чейин райондук бийлик менен мамлекеттик токой агенттигине жиберишкен. Бирок коруктун улук токойчусу Рахманкул Шабдановдун айтымында, жогору жактан аларды канааттандырган жооп келген эмес:

- Коруктун кызматерлери иш таштап отурат. Себеби алган айлык өтө төмөн. Талап күчтүү, жоопкерчилик өтө чоң. Алган айлык 700-800 сом. Биздин жумуш атайын саатка карабайт. Мынчада келип иштейсиң деген. Эркин убакыт. Күнү-түнү иштейбиз. Түндө тур десе деле туруп кетебиз. Биздин бир эле талап, айлык акыны жок дегенде 3000 миңден ары кылсын деп сурап жатабыз. Ошол деле татырлык болбойт. Учурда бир кап ун 1600 сом болуп кетти.

Рахманкул Шабдановдун белгилешинче, 21-июлда алдын ала белгилүү болгондой айлыктын 20-30 пайыз көтөрүлөөрүнө токойчулар макул болгон жок. Айрым корукчулар Сары-Челек көлүнө барчу жолго коюлган дарбазаны жаап салуу оюн да айтып чыгышты. Коруктагы көзөмөлдөө бекетинде турган улук корукчу Алмазбек Атабеков буларга токтолду:

- Чынын айтсам, жалаң эле «фанаттар» иштеп жатышат. Болбогон айлык үчүн. Ат минсе, анын такасы эле 200 сом болуп жатат. Бул эмне деген жорук! Аттын жабдыктары да бар. Төрт жыл мурун проект каржылап, атайын форма берди эле, эми минтип өзүбүздүн акчага сатып алып жатабыз. Чынын айтканда иш оор. Туристтер кудая шүгүр жакшы каттап жатышат. Былтыркыга караганда бир аз көбүрөөк келип жатат.

Коруктун директору Улукбек Арстанбаев токойчулардын талабын өткөндө келген парламенттин он төрт депутатына билдиргендигин айтты. Ага байланыштуу дүйшөмбү күнү айлыкка кошумчалар тууралуу жооп алынганын айтып, коруктун кең залына чогулган отуздай токойчуну мыйзам бузбоого чакырды:

- «Ак Жол» партиясынын депутаты Бегалы Наргозуев айтып берди. Бүгүнкү күнү штат кагазын колубузга кармап отурабыз. Бул жерде мындай деп жазылган. 1,5 эсеге көбөйгөн. Мурун тарифтик система деп ошол боюнча 340 сом деп берилген болсо, бүгүнкү күндө 530 сомду түзөт экен. Бул боюнча дагы кызматкерлерге кайрылып айтабыз, мынакей акча маяна көтөрүлүп, официалдуу түрдө келди деп.

Сары-Челек коругунун директору ошондой эле кээ бир кызматкерлердин маянасы көбөйүп, ага байланыштуу 48 кызмат бирдик болсо эми 42 бирдик гана калаарын угузду.

Жакшыбек Жакпалиев аттуу токойчу иш таштоо маселесин саясий өңүткө айландырбоону кесиптештеринен өтүндү. Рахманкул Шабданов аттуу бул токойчу жаңы штаттык бирдик боюнча айлыкка 340 сомдон 530 сомго чейинки кошумча корукчуларды канааттандырбай тургандыгын айтып, иш таштоо акциясы талаптары аткарылганга чейин улантыла берерин кошумчалады. Корукта иштеген 44 киши 22-июлда өкмөт башчысы Игорь Чудинов, парламент төрагасы Айтибай Тагаев, Каржы министри Тажикан Калимбетова менен райондун акимине жана мамлекеттик токой агенттигинин директоруна, алты адамдын кыскартылганы менен жаңы штаттык бирдик боюнча 1177 сомдон 2268 сомго чейинки көтөрүлмөкчү болгон маянага нааразычылыктарын билдирип, жаңы талаптарды коюшту. Учурда иш таштоо улантылып жатат.

XS
SM
MD
LG