Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:28

17:21 Материалдык резерв фондусу “Таласданазыкты” сотто жеңип чыкты


Мамлекеттик материалдык резерв фондусунун өкүлдөрү “Таласданазык” акционердик коому былтыр эгинди жаңыртуу максатта алардан 1000 тонна буудай алып, аны өз учурунда кайтарбагандыктан укук коргоо кызматкерлерине кайрылышкан. Талас район аралык сот ушул жылдын 18-июль күнү төлөй турган каражат үстөгү айып төлөмү көбөйтүлүп, “Даназыктын” моюнуна жалпы эсеп менен 22 миллион 142 миң 500 сомду материалдык резерв фондусуна кайтарып берүү тууралуу чечимин чыгарды. Сотту Кеңешбек Султанбеков мамлекеттик резерв фондусунун өкүлү Руслан Дарбышев жана “Даназык” акционердик коомунун жетекчиси, жоопкер Мукамбет Абитовдун катышусу менен алып барды. (UA)

XS
SM
MD
LG