Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:11

15:40 “Асаба” партиясы 1916-жылдагы улуттук-боштондук кыймылын эскерген талкуу уюштурат


1-августка белгиленип жаткан бул иш чарада 1916-жылдагы окуянын тарыхый жана кийинки муундар үчүн тарбиялык мааниси талкууга алынмакчы. Талкууга илимий жана чыгармчыл чөйрөнүн өкүлдөрү чакырылган. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган партиянын ордо кеңешинин мүчөсү Асан Ормушев билдирди. “Асаба” партиясы ошондой эле бул окуяны изилдөө боюнча илимий топ түзүү жана даректүү тасма тартуу демилгесин да көтөрүүдө. Кыргыз парламенти быйыл апрель айында жыл сайын август айынын биринчи жумасында 1916-жылкы окуяда шейит кеткендерди эскерүү боюнча чечим кабыл алган. Анда Боом капчыгайына кире бериш жерде тарыхый-этнографиялык жай куруу да белгиленген.(SM)

XS
SM
MD
LG