Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Р.Каражичтен кийин аскер кылмыштарын жасаган деп шектелген бир катар адамдар камакка алынышы ыктымал


Бул тууралуу Сербиянын премьер-министри Мирко Цветкович билдирди. Анын айтымында, 13 жыл бою издөөдө жүргөн Каражичтин камакка алынышы - расмий Белграддын эл аралык милдеттемелерди урматтаганынын маанилүү далили. Министр Цветкович өз кезегинде Евробиримдик дагы Сербия менен кызматташуу тууралуу макулдашууну аткара баштарына үмүт артты. Маалым болгондой Евробиримдиктин серб бийлигинин алдына койгон милдеттемелердин бири – Гаагадагы эл аралык кылмыш трибуналы менен кызматташуу эле. 1992-95-жылдардагы согуш учурунда босниялык сербдердин лидери болгон Радован Каражич геноцид деп бааланган эки окуянын артында турганы үчүн айыпталып келүүдө. Сараево шаарын 43 айга созулган камалоо учурунда, маалыматтарга караганда, 12 миң адамдын өмүрү кыйылган. Ал эми Сребреница шаарында 1995-жылы 8 миң мусулман массалык түрдө кырылган.

XS
SM
MD
LG