Олимпиада учурунда борбор Пекиндин абасын булгоону азайтуу үчүн көрүлүүчү чукул жана кошумча пландарын шаар бийликтери бейшембиде жарыялашты. Бул чаралар дагы 200дөн ашуун фабриканын ишин токтотууну, автоунаалардын жүрүшүнө жаңы чектөө киригизүүнү карайт.
Пекиндин булганган абасын тазалоону көздөгөн чараларды кытай бийликтери ушул айдын башында эле көрө баштаган. Андагы чараларга ылайык, шаардагы 3,3 миллион автоунаанын бир күндө жарымы гана жолго чыга алмак, ошондой эле курулуштардын көбү токтотулуп, борбордогу жана анын айланасындагы заводдор жабыла баштаган.