Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

15:45 А.Молдокадыров: Казакстандан Ысык-Көлгө эс алып келгендер аз быйыл болушу ыктымал


Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысынын орун басары Айбек Молдокадыров “Азаттыкка” курган маегинде көл сезону эми башталганын, туристтердин көп келген маалы август айына туура келет деп божомолдонуп жатканын билдирди. Бирок быйыл Ысык-Көлдө казак эс алуучулар аз болушу мүмкүн экенин, буга коңшу өлкөнүн экономикасындагы айрым кризистер себеп болушу ыктымалдыгын айтты. А. Молдокадыров учурда Кыргызстанда туристтерди тейлөө ойдогудай болбой жатканын, бул жаатта дагы бир топ иштер жасалышы керектигин кошумчалады. Чет өлкөлүк туристтерди тартуу максатында Ысык-Көлдө ар бир ишемби сайын кыргыздын улуттук оюндарын көрсөтүп, салт-санаасын даңазалаган иш-чаралар өткөрүлүп жатканын билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG