Аssosiated Press маалымат агенттиги 3-август күнү уйгур сепаратисттери Кытайдын Кыргызстан, Ооганстан жана Пакистан менен чектешкен Кашкардагы чегара бөлүгүн аткылагандыгын, натыйжада 16 адам каза тапкандыгын жазып чыкты. Кыргызстандын чегара кызматы кызматынын маалыматы боюнча кыргыз-кытай чегарасында кырдаал тынч. КР чегара кызматынын аскер маалымат катчысы Сажира Чоколоева мындай окуя Кытайдын башка чегерасында болгону тууралуу да маалымат жоктугун “Азаттыкка” билдирди.(ZKo)