Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:01

12:55 Кыргызстандын электр энергиясын сатууда ортомчулар жокпу?


Премьер-министр И.Чудиновдун билдирүүсү боюнча, электр энергияны бир гана “Электр станциялар” акционердик коому сатат жана ортомчулар бар деген маалыматтын чындыгы жок. Кыргызстан буга чейин электр энергиясын 2004-2006-жылдары ачык тендер аркылуу гана саткан. Быйыл Бишкек ТЭЦине зарыл мазут менен көмүргө кеткен чыгымдын бир бөлүгүн жабуу үчүн гана 400 миллион киловатт саат электр энергиясын сатып жатат. Ал эми Токтогул суу сактагычында суу көлөмүнүн азайышынын себептерин иликтеген комиссия иштеп, 2004-жылы 3 миллиард киловатт саат электр энергиясын сатуу үчүн суунун көп агызылгандыгы мүмкүнчүлүктөргө карама-каршы болгон башкы ката деген жыйынтыкка келип жатат. Анткени, белгиленген кубаттуулуктар боюнча Кыргызстан 2 миллиард киловатт саат электр энергиясынан ашык энергияны сата алмак эмес.(BD)

XS
SM
MD
LG