Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:12

14:10 “Кылым шамы”: Атуулдук коом эркин, укуктук мамлекеттин курулушун каалайт


“Кылым шамы” бейөкмөт укук коргоо борбору бүгүн тараткан билдирүүсүңдө “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициянын БУУнун Адам укугу боюнча жалпы декларациясынын 60 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү боюнча түзүлгөн өкмөттүк топ курамынан чыккандыгын колдой тургандыгы айтылат. Коалициянын мындай чечими жарандык коомдун демократияга багыт алган өлкөнүн курулушуна гана артыкчылык береринин анык далили катары бааланат. Кечээ "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалиция кыргыз президентинин жарандардын тынч митинг, жүрүштөргө чогулуусун чектеген мыйзам долбоорго кол койгонун демократиялык түркүктөрдөн тайгандык катары сыпаттап, өкмөт менен биргелешип кызматташуудан баш тартканын расмий жарыялаган. (EBM)

XS
SM
MD
LG