Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:42

Р5+1 ТОБУНУН МҮЧӨЛӨРҮН ИРАНДЫН ЖООБУ КАНААТТАНДЫРБАДЫ


Амирбек Усманов, Прага АКШнын маалымат булактарынын кабарлашынча, Вашингтонду жана анын европалык союздаштарын Ирандын өзөктүк программасы боюнча берген акыркы жообу канааттандырган эмес. Ошон үчүн алар Иранга кошумча санкция колдонуу боюнча Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине жаңы сунуш киргизүүнү мерчемдеп жатышат. Р5+1 тобуна кирген Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германия июлдун ортосунда Иранга уранды байытууну токтотууну сунуш кылышкан. Расмий Тегеран сунушка ынанса, өлкөгө экономикалык жана техникалык жардам берилмек.

"The Washington Post" жана "The New York Times" гезиттеринин жазышынча, Ирандын Р5+1дин сунушуна берген жообу АКШны ынындырган эмес. Р5+1 тобуна Кошмо Штаттар, Британия, Франция, Россия, Кытай жана Германия кирет. Бул топтогу Германиядан башка өлкөлөр БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү.

Ак Үйдүн өкүлү Дано Перино билдиргенге караганда, азыр Вашингтон жана анын тарапкерлери Коопсуздук Кеңеши Иранга кошумча жаза колдонуусуну каалашат. Дипломаттардын айтышынча, Россия жана Кытай жаңы демилгеге каршы чыгышы мүмкүн.

Иран 5-августа Евробримдиктин тышкы саясат боюнча башчысы Хавьер Соланага тапшырган жооп кат Р5+ 1 тобуна ошол замат жөнөтүлгөн.

Мамдепартаменттин өкүлү Гонзало Галлегос шейшемби күнү жасаган билдирүүсүндө Вашингтон сунушка Ирандан «макул» деген жооп келет деп күткөнүн белгиледи:

-Арийне, мурда билдиргендей, биз Ирандын так жана оң жооп беришин күтүүдөбүз. Болбосо, кош санжап стратегиябызга ылайык, болочокто аларга каршы чара көрүүдөн башка айлабыз болбойт.

Иран дипломаттык тилде «токоч жана шапалак» же кош санжап стратегиясын четке каккандан кийин, АКШ жаңы санция колдонуунун амалын издейт, деп кошумчалады Мамдепартменттин өкүлү:

- Биз P5+1дин алкагында өз досторубуз жана союздаштарыбыз менен көрчүлчү чара жөнүндө сүйлөшкөнү жатабыз. Биз алар менен кош санжап стратегиясыны колдонуунун жайын сүйлөшмөкчүбүз. Алар андай чараны жакташкан.

«Токоч жана шапалак» стратегиясына жараша Иран уранды байытууну токтотсо эле өлкөгө экономикалык жана техникалык жардам көрсөтүү боюнча сүйлөшүү башталмак. Батыш Иран байытылган уранды ядролук куралга дүрмөт катары колдонот деп кооптонот.

Иран уранды байытууну токтотпосун жана ядролук энергияны тынчтык максатында колдонуу укугунан баш тартпасын дүйшөмбү күнү кайра эскертти. «Ирандын Өзөктүк куралдарды жайылтпоо келишимине жараша уранды байытуу укугун эч ким тана албайт»,-деп билдирди Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хасан Кашкави.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши 2006- жылдан бери Ирандын ядролук программасын токтотуу максатында үч ирет санкция жарыялаган. Кытай жана Россия санкция колдонууга адеп каршы чыгышса да, акыр аягында аны колдоп добуш беришкен.

XS
SM
MD
LG