Линктер

жума, 23-июнь, 2017 Бишкек убактысы 07:57

Канат БЕГАЛИЕВ БЭЭЖИН ОЛИМПИАДАСЫНЫН КҮМҮШ БАЙГЕ ЭЭСИ


Азиянын чемпиону (2000), грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы чебер, 24 жаштагы Канат Бегалиев бүгүн (13-август) Бишкек убактысы боюнча саат 15:20де башталган финалдык таймашта Бээжин Олимпиадасынын күмүш байгесине ээ болду. Канат 1/8 мелдеште америкалык 38 жаштагы балбан Дейтчлер Жейлди (Deitchler Jale) утуп, жарым финалда Дүйнөнүн чемпиону (2005), болгариялык спортсмен Николай Гёрговду (Nikolay Gergov) жеңип алды. Канат финалдык беттешүүдө 23 жаштагы франциялык балбан, Дүйнөлүк чемпионаттын (2007) күмүш медалынын ээси Гуенот Стив (Guenot Steeve) менен беттешип, атаандашына 3:1 эсебинде уттуруп койду. Бул күмүш медаль - Кыргызстандын эгемендүү тарыхында биринчи жогорку Олимпиадалык байге. Сыйлыгың кут болсун, Канат!

XS
SM
MD
LG