Сербиянын тышкы иштер министри Вук Йеремич Нью-Йоркто БУУнун кеңсесинде кабарчыларга сот кандай чечим чыгарса, серб өкмөтү ошол чечимди кабыл алууга даяр экенин айткан. Сербия албан тектүү тургундар көпчүлүктү түзгөн Косовонун февралда жарыялаган көз каранды эместик жөнүндөгү декларациясына каршы чыгып келатат.