Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Непалдын Жогорку Соту “Тирүү кудай кыздарды” бапестеп багуу тууралуу өкүм кылды


Непалдын Жогорку Сотунун бүгүн чыгарган бул өкүмүнө ылайык, учурдагы өкмөт Гималай тоолорундагы бул бутпарас мамлекетинде кылымдар бою келген салтты сактап, ыбаадатканадагы “кудай кыздардын” тийешелүү билим алышын жана бапестелип багылышын камсыз кылууга тийиш. Салтка ылайык, Катманду өрөөнүндө төрт жашар кыздардын айрымдары тандалып алынат да, кечилканаларга алынып келинип, “тирүү кудай кыз” катары урмат сыйга ээ болот. Алар эрезеге жеткенде алардын ордуна балагатка толо элек башка кыздар тандалып алынат. Айтмакчы, Непалдагы падышалык бийлик үстүбүздөгү жылы гана жоюлган. Жаңы жумурияттын өкмөт башчылыгына алгачкы жолу маоисттик партиянын жетекчиси шайланып, ал 18-августта премьер-министр катары ант берген.

XS
SM
MD
LG