Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:45

15:15 Чоң-Кемин жана Суусамыр айылдарынын тургундары Кыргызстандагы Еврокомиссиянын өкүлчүлүгүнө кайрылуу жолдошту


Алар жогоруда аты аталган эки айылда “Кыргызстандагы жамааттык үн алгы станциялары” долбоорунун алкагында Еврокомиссиянын каржылоосунда уюштурулуп жаткан эки үн алгы станциясына каражаттын токтотулганына тынчсыздангандыгын билдиришкен. Алардын маалыматына караганда, Чоң-Кеминде жана Суусамыр айылында үн алгы станциясына имарат бөлүнүп, жергиликтүү бийликтин, демөөрүчүлөрдүн жана элдин күчү менен 100 миң сомдук курулуш иши аяктаган. Жергиликтүү жаштардан кадрлар тандалып, атайын үн алгы журналистикасы боюнча Бишкектен келишкен адисттер тажрыйбаларын үйрөтүшкөн. Долбоорду ишке ашырууга каржылоону Еврокомиссия убада кылган. Айылдык тургундар жамааттык үн алгы станциялары ачылып калса маалымат таңсыктыгынан арыла тургандыктарын, аймактын өнүгүшүнө да өбөлгө болоорун билдиришип, бул долбоорду ишке ашырууга Кыргызстандагы Еврокомиссия өкүлчүлүгүнөн, “Интерньюс” уюмунан каржылоону токтотпоону өтүнүшкөн. (AJ)

XS
SM
MD
LG