Жогорку Кеңештин төрага орун басары Кубанычбек Исабеков “Кумтөр долбоорун реструктуризациялоо жөнүндөгү” өкмөттүн 2003-жылкы 31-декабрдагы токтомун жокко чыгарууну сурап райондор аралык сотко кайрылган. Бул токтом аркылуу тараптар 1992-жылы 2-декабрда кабыл алган башкы долбоорго өзгөртүү киргизип, Центерра Голд Инк биргелешкен компаниясын түзгөн. (BuS)