Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

13:08 Президент өкмөттүк комиссиядан авиа кырсыктын себептерин иликтөөнү тездетүүнү өтүндү


Өлкө башчысы Курманбек Бакиев бүгүн премьер-министр Игорь Чудиновду кабыл алып, 24-августагы Боинг-737 аба учагынын кыйрашынын себебин иликтеп жаткан өкмөттүк комиссиянын иштери тууралуу маалымат алды. Чудиновдун айтымында, кырсыктан жабыр тарткан төрт адам №4-ооруканада дарыланууда алардын ал- акыбалы учурда дурус. Бир оорулуу ага-туугандарынын суранычы менен Москвадагы клиниканын бирөөсүнө жеткирилген. Кырсыктан каза болгондорду тактоо улантылууда. Дагы 10 адамдын сөөгүн аныктоо иштери уланууда. Президент Курманбек Бакиев өкмөт башчыдан буга байланыштуу түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын иликтөө иштерин тезедетүүнү өтүндү. Бул тууралуу бүгүн президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 24-августта Жаңы жер айлынын аймагында кыйроого учураган Боинг-737 аба учагындагы жүргүнчүлөрдүн 65 каза болуп, 25 аман калган. (AJ)

XS
SM
MD
LG