Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

ЖОРЖ БУШ: АКШга МАККЕЙНДЕЙ ПРЕЗИДЕНТ КЕРЕК


Президент Жорж Буш партиялаштарын сенатор Жон Маккейндин талапкерлигин колдоого чакырды. Республикачыл сенаторду ал азыркыдай коогалаң заманда өлкөнү жетектөөгө жараган бирден-бир адам деп атады жана АКШнын келерки президенти Маккейн болоруна ишеничин билдирди.

Республикалык партиянын Миннесота штатындагы Сент-Пол шаарында өтүп жаткан курултайына президент Буш келе алган жок, буга өлкөнүн түштүк өңүрүн каптаган “Густав” капсалаңы себепкер болду. Ушул эле жүйөөдөн улам Буш мурда пландалган он беш мүнөттүн ордуна Ак үйдөн тике телебайланыш аркылуу өз партиялаштарына сегиз мүнөттөй кайрылуу сөзүн айтты.

“Президент болуу деген эмне экенин мен билем, - деди Буш. – Бул кызматта өтө кыйын чечимдерди кабыл алганга туура келерин өз башыман өткөрдүм. Жон Маккейнге өмүр бою ушундай чечимдерди кабыл алганга туура келди. Ал президент болгонго даяр”.

Буш Маккейнди америкалык улуу адамдардын бири, эркин ойлонгон,өз пикирин айткандан коркпогон туурачыл киши деп сыпаттады. “Ирактагы согушту колдоп,ал көп добуштан айрыларын билген ,- деп белгиледи Буш. - Бирок, ал өзү айтып жүргөндөй, шайлоодо утулганга кайыл болсо да согушта эзели утулгусу келбейт”.

Буга улап, Буш бир кезде Маккейн вьетнам согушунда туткунда болгонун эске салып: ”Душмандар анын колун сындырышты,бирок каркынын сындыра алган жок”,-деп билдирди. “Биз азыр кооптуу дүйнөдө жашап жатабыз, андыктан бизге 2001-жылдын 11-сентябрындагы окуялардан сабак алган, атап айтканда, Американы коргоо үчүн күрөштү токтотпогон, бизге сокку урганча күтүп отурбай, террорчулардын аракеттерин алдын-ала ооздуктай билген президент керек. Бизге керек ушундай адам – Жон Маккейн”,-деп айтты Буш.

Буштун сөзүн курултайга катышкандар “Баарынан мекен улук” деген ураан жазылган плакаттар менен желектерди булгалап, коштоп турушту. Бирок байкоочулар көпчүлүк делегаттар Буштун курултайга келбей калганына ичтен кыйла эле курсант болушканын айтышууда. Маккейн шайлоо өнөктүнү кызыган сайын Буштун саясатынан өзүн алакчылай баштады. Жакындагы бир сөзүндө атүгүл азыркы администрациянын айрым кадамдарын сындап да үлгүрдү.

Республикачылардын парткурултайында Маккейнди демократтардын мурдагы беделдүү өкүлү, азыр көз карандысыз саясатчы болуп алган сенатор Жо Либерман да сүрөөнгө алды. “Мен буерге Жон Маккейнди колдогону келдим, анткени өлкө деген партияга караганда алда канча өйдө турат”,-деп айтты Либерман. Маккейнди ал “өлкөнү бириктирип, аны алга адымдата” турган талапкер деп атады.

Курултай уланууда. Республикачылар ич ара жана коңулдагы кептерде вице-президенттикке талапкер, Алясканын губернатору Сара Пейлинге, айрыкча анын он жети жаштагы кош бойлуу кызына байланышкан жагдайды да талкуулап жатышат. Бейшемби күнү делегаттар талапкерлер үчүн добуш бергенде Пейлин партэлектен өтпөй калышы ыктымал деген осмок сөздөр бар.

XS
SM
MD
LG