Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:15

17:40 «Ата Мекен» партиясынын Жалал-Абад облусундагы саясий кеңеши Нарындагы окуяга тынчсызданууда


Саясий кеңеш ревкомдун башчысы А.Бекназаровдун президент К.Бакиевди кызматтан кетирүү жөнүндөгү кайрылуусун колдоду.Өлкөдөгү саясий, социалдык-экономикалык кырдаал сынга алынды. Партиянын Нарындагы кеңсесинде кечээ болгон окуяны уюмдун беделине доо кетирүү үчүн жасалган чагым катары баалады. Укук коргоо уюмдарына андай мыйзамсыз текшерүүлөрдү токтотуу талабы коюлду. Анда мыйзамсыз аракеттердин айынан бийлик өлкөдөгү абалды толук көзөмөлдөй албай калды, адам жана сөз эркиндиги, маалымат алуу, мыйзамды сактоого умтулган жарандардын шайлоо укуктары чектелип жаткандыгы белгиленди. Саясий кеңештин жыйынына уюмдун жер-жерлердеги жана борбордук өкүлдөрү менен коомдук парламенттин мүчөлөрү катышты. (YA)

XS
SM
MD
LG