Кыргызстанда биринчи жолу жүрөккө операция жасаган медицина илимдеринин доктору, профессор Иса Ахунбаевдин 100-жылдыгы анын туулуп өскөн жери Тору-Айгыр айылында белгиленген жатат. Ысык-Көл райондук акиминин орун басары Дамир Моңолдоровдун маалыматы боюнча, айылда анын музейин ачуу, маданият үйүнүн алдына айкелин орнотуу аракеттери башталды. Академиктин 100-жылдыгынын урматына көл жээгинде ондон ашык боз үй тигилип, ат оюндары өткөрүлөт. Мааракенин аягында Иса Ахунбаевдин ысымын медициналык академияга ыйгаруу боюнча белгилүү хирургдун жердештери тиешелүү министрликтер менен президентке кайрылуу жолдойт. (RB)