Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:32

18:50 Нарын облусунда шайлоочулардын саны 9 айда 2510 адамга көбөйгөн


5-октябрда болуучу жергиликтүү кеңештерге шайлоого Теңир-Тоо аймагынан 145 миң 350 шайлоочу катышат. Мындай маалыматты облустук шайлоо комиссиясынын жооптуу катчысы Бейшенбек Турсунбаев билдирди. «Быйыл шайлоочулардын тизмеси кыйла так санда алынды»,- дейт Бейшенбек Турсунбаев. Ал эми өткөн жылдын декабрь айындагы Жогорку Кеңешке болгон шайлоого Нарын облусунан 143 миң 350 шайлоочу катышкан экен. Учурда облус боюнча жалпысы 1810 талапкер үгүт иштерин жүргүзүүдө. Алардын 525и райондук, шаардык кеңештерге ат салышкандар. Жалпы талапкерлердин 3,6 пайызы гана саясий партиялардан көрсөтүлүшкөн. Депутат болууну каалагандардын 16,4 пайызын аялдар, 9,8 пайызын 30 жашка чейинки жаштар түзөт. (KUs)

XS
SM
MD
LG