Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

Милиция коргойбу же кордойбу?


“Азаттыктын” “Эл үнү” уктуруусуна бул жумада кайрылгандар, электр жарыгынын убакты-мөөнөтү жок өчүрүлүп жатышы элди жүдөтүп жатканын, эркин гезиттерди жок кылуу, жабуу аракеттери туура эместигин, айыл-чарбасына көңүл бөлүнбөй дыйкындар кыйын күнгө кабылышканын, жол жүрүү маселеси оор болуп жатканын айтышты.

Асылбек Кудайбергенов аттуу Бишкек шаарынын тургуну милиция кызматкерлеринин ар кандай себептерге шылтоолоп жарандарды көчөдө кармап, камап, ур-токмокко алып жатышканы тууралуу айтты. “Милициялар паспорттук режимге, башка нерселерге шылтоолоп эле көчөлөрдөн жаш балдарды, чоң кишилерди да кармап, бир-эки күнгө камап, токмоктоп атышат. Мына, азыр ошондой меселени териштирип жүрөбүз. Бир таанышым үй-бүлөсү менен көчөдө келатып, гамбургер алып келе коеюн деп кетсе, милициялар кармап кетишиптир. Паспортуң жок демиш болуп. Келинчеги издеп жүргөн экен, биз да жардам берип атабыз. Мындай боло берсе Кыргызстанда кандай жашоо болот. Бул не деген маскарапоздук, не деген бийлик”,- дейт угарманыбыз.

Белгилүү укук коргоочу Азиза Абдрасулова бул маселеге карата өз жообун берип, негизинен жалпы эле жабык жайларда бир күн эле отургандын өзү чоң кыйноо, чоң азап экендигин, эң биринчи эле азап милициянын колуна түшкөндөн тарта эле башталарын айтты.

“Кыргызстанда мага кайсы жаран айта алат, “милиция кармаган баланы урбайт” деп. Милициянын колуна түшкөндө сөзсүз таяк жейт дегенге карапайым калк өздөрү психологиялык жактан даяр болуп калышкан. Бул өтө кооптуу нерсе. Биз ошол милициядан таяк жеп, укуктары бузулгандарга сурамжылоо жүргүзүп, ар кандай суроо бердик. “Милициядан запкы жеген учурда кимге кайрыласыңар?” десек, бирөө дагы милицияга кайрылат элем деген жок. Мына, ошол анкеталардагы жыйынтыктар боюнча, сотко, прокуратурага, президентке, жуналисттерге, укук коргоочуларга кайрылабыз дегендер бар, бирок милицияны эч ким айткан жок. “Сен кимден көбүрөөк коркосуң, милицияданбы же ууру-кескилерденби?” десек, жооп таң калтырарлык болду. Элдер ууру-кескилер менен милициядан бирдей коркушарын айтышат. Бул өтө өкүнүчтүү. Биз деген милиция кызматкерлерин төбөбүзгө көкөлөткүбүз келет. Алар биздин коопсуздугубузду, тынчтыгыбызды сактай турган структура. Анан ошолорду биздин эл ууру-кескилер менен бирдей көрүп атышканы абдан өкүнүчтүү”,- дейт Азиза Абдрасулова.

Айыл-чарба көйгөйү, жарыксыз жүдөгөн күндөр

Таластан жергиликтүү тургундар болсо Грузия менен Орусиянын чатагы, айыл-чарбасына көңүл бурулбай жатканы жана Талас-Бишкек жолунда жүргүнчүлөрдү ташуучу айдоочулардын көйгөйлөрү тууралуу кайрылышкан.

Талас облусунун Жерге-Тал айылынын тургуну Азанбек Акматов, президент дайыма эле дыйкандарга жардам бергиле, айдоосуна, күйүүчү майына, дары-дармектерине кол кабыш кылгыла деп айтарын, бирок аны Айыл-чарба министрлиги эч кандай аткара албаганын айтат. “Президенттин ал айткандарын булар аткара алган жок. Мына дары ала алган жокпуз, урук ала алган жокпуз, жерлерибиз айдалбай калды. Бирок булар мобунча пайызга президенттин айткандары аткарылды деп атышат. Маселен, биздин айылда эч ким буудай айдаган жок. Бир гана мен аз-маз айдадым”,- дейт А.Акматов.

Талас облусунун губернаторунун айыл-чарба боюнча орун басары Сүйүнтбек Айдаралиев угарманыбызга жооп берип, 2009-жылкыга карата айдоо жерлери 16 миң 900 гектарга пландалып, жер-жерлерге үрөн жеткирилгенин айтат. “Өкмөттүн токтомуна ылайык 140 миллион сом акча жалаң үрөн алууга бөлүнүп берилди. Андан тышкары облусубузга 282 тонна буудай облуска бөлүнүп берилди. Буларды биз бөлүштүрөбүз. Күйүүчү май алуучуларга да биз жакында талондорду бере баштайбыз”,- дейт ал.

Ал эми Чүй дубанынын жашоочулары бул жолу электр жарыгы жана сөз эркиндиги тууралуу көбүрөөк тынчсызданышты. Москва районунун тургуну Уран Рыскулов, “Де-факто”, “Алиби” гезиттерин куугунтуктоо абдан жат көрүнүш болуп жатканын, муну бийликтин ыплас оюндары деп эсептээрин, кандай болгон күндө да гезит ээлерин 1-2 күнгө камоо элдин кыжырын келтирээрин айтты. “Бул коркутуу-үркүтүү болуп атат. Булар муну менен кыргыз калкын коркутуп коебуз деп ойлоп атышат окшойт. Бирок кыргыз калкы коркпойт”,- деди У.Рыскулов.

Байтик айылынын тургуну Мырзапайыз Сыдыгалиев “Эл үнүнө” кайрылып, орозо айында электр жарыгынын ар кандай өчүрүлүп жатышы элди жүдөтүп жатканын, кечке ачка жүргөн адамдар ооз ачаар маалга келгенде жарык өчүп калып жылуу чай иче албай жүдөп жатышканын, андыктан орозо бүткүчө электр энергиясын ар кандай өчүрө берүүнү токтотуп турушса жакшы болмогун билдирди.
XS
SM
MD
LG