Линктер

шаршемби, 28-июнь, 2017 Бишкек убактысы 08:16

Казакстандын оппозиция лидерлери Ички иштер министрлигинде сурак берүүдө


Оппозициялык маанайдагы “Азат” партиясынын лидери Болат Абилов, Социал-демократиялык партиянын төрага орун басары Амиржан Косанов, катталбаган “Алга” партиясынын лидери Владимир Козлов жана “Шаңырак” партиясынын лидери Асылбек Кожахметов 2001-жылы июнда Павлодардагы заводдун деректиринин өлүмүнө байланыштуу суракка чакырылганын өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди. “Азаттыктын” Казак кызматынын кабарлашынча, оппозиция лидерлери бул аракетти саясий кысым катары баалоодо.

XS
SM
MD
LG