Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Ж.ТУРДУКОЖОЕВ: ТОТАЛИТАРДЫК РЕЖИМ ШАЙЛООГО СӨЗСҮЗ ТЕРС ТААСИРИН ТИЙГИЗЕТ


Кечээ Беларуста парламенттик шайлоо өтүп, ага оппозициядан да 60тан ашуун талапкер катышты. Өлкө бийлиги шайлоо демократиялуу нукта өтөөрүн буга чейин бир канча жолу билдирген. Добуш берүүнүн жүрүшүнө бир катар эл аралык байкоочулар да көз салышты. Беларустагы шайлоо тууралуу кыргызстандык укук таануучу жана талдоочу Жыргалбек Турдукожоев “Азаттыктын” таңкы түз ободогу маегинде ой бөлүштү.

- Өзүңүзгө белгилүү Беларустагы азыркы шайлоого мурдагыдан айырмаланып 60тан ашык оппозиция талапкер болуп катышты, эл аралык байкоочулар келишти, бийлик шайлоо демократиялуу өтөт деп байма-бай убюада берип жатат. Батыш диктатор деп сынга алып келаткан Лукашенконун бул аракеттери сизге кандай таасир калтырып жатат азыр?

Албетте, азыркы дүйнөлүк абалда өзүнүн ордун бекемдеш үчүн, Беларустун ордун эл аралык коомчулук алдында көрсөтүш үчүн Лукашенконун көрүп жаткан аракеттерин түшүнүүгө болот. Демократиялык пландагы аракеттери, ошол эле шайлоого карата берген убадалары, өзгөртүүлөрү бир топ алдыга карата жасаган мамилесин айкындап турат. Бирок биринчи кезекте биз шайлоо жөнүндө айтканда, өлкөдөгү мамлекеттеги режим жөнүндө айтышыбыз керек. Эгерде толталитардык, авторитардык режим болсо сөзсүз түрдө шайлоого өзүнүн тескери таасирин тийгизет. Өзүнүн мүмкүн болушунча ресурстарын колдонуп, өзүнүн адамдарын, талапкерлерин өткөргөнгө аракет кылат. Албетте бул жагынан Лукашенко дагы өзүнүн аракеттерин жасады деп айтууга толук негиздер бар.

- Демократиялык баалуулуктарды киргизүү, өзүнө алуу өлкөнү бир аз жумшартып, демократташтыруу максатында чын ниеттен ыкласы бар деген көз карашта айтып атасызбы?

Туура, ыкласы бар, ыкласы жок деп айтууга болбойт. Мына экономикалык жагынан алганда деле өзүңүздөр байкасаңыздар керек, өзүнчө жол менен өнүгүп бараткан Беларус мамлекети, анын жетекчиси Лукашенконун түздөн-түз аракети менен болууда. Мисалы, азыркы учурда пост-советтик мейкиндиктеги өзүнчө жол менен өнүгүп бараткан Беларус деген мамлекет азыр рынок мамилелерин, рынок экономикасындагы ички мамилелеринде, сырткы мамилелер менен дагы байланыштарга киргизгенге аракеттерди жасай баштады. Бул албетте экономика жагында эле эмес, ички саясатта дагы бир топ өзгөртүүлөргө алып келиш керек.

- Ушул эле мезгилде маалыматтарга караганда, Беларустун оппозициясы митинге чыгып, парламенттик шайлоо мыйзамсыз өттү деп, 300-400дөй киши чыкты деген кабар айтылып атат. Буга кандай көз караштасыз?

-
Албетте оппозиция чыгат да. Себеби Лукашенко даяпдап койгон кандидаттар өтсө, оппозиция тараптан азыраак өтсө, бул албетте нааразылыкты пайда кылат. Бирок ошол эле учурда мен айтып коюшум керек, шайлоонун эки негизги шарты болот. Биринчиден, добуш бергенге чейин шайлануучулардын дагы, шайлоочулардын дагы бирдей мүмкүнчүлүк алышы мыйзам чегинде, экинчиси, берилген добуштардын туура, адилет саналышында. Бул биринчи жагынан келгенде дагы, экинчи жагынан келгенде дагы азыр Лукашенконун албетте диктатордук, күчкө салып адамдардын өткөрүп, манипуляция кылганга толук мүмкүнчүлүктөр бар болчу. Бирок менин оюмча Беларустун азыркы шартында экономикалык өнүгүүсүн, социалдык проблемаларынын дээрлик жок экенин эске алсак, элдин жашоо деңгээлинин бир топ кыйла жогору экенин эске алсак, анда эл деле Лукашенко тандап берген талапкерлерди колдоп берет деп ишенсе болот.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG