Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:54

Ооганстанда американын бир жоокери окко учту


Полиция участкасы жайгашкан аймактан жергиликтүү полиция АКШнын аскерлерине ок аткан. Ооган бийлигинин маалыматына караганда, бул окуя жекшемби күнү колго түшкөн согушкерлер тобун америкалык аскерлер полиция участогуна алып барганда болгон. Атын атабоону өтүнгөн НАТОнун кызматкеринин айтымында, ок чачкан полиция ошол жерден жоокерлер тарабынан атып өлтүрүлгөн. Ал эми НАТОнун расмий маалыматына караганда полиция кызматкери менен НАТОнун жоокери чатакташып кетип, анын кесепетинен экөө тең каза болушкан.

XS
SM
MD
LG